08:10 16 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
АКШнын Огайо штатындагы жарманке учурунда аттракцион сынып кеткенинен улам бир адам каза болду

АКШда аттракцион сынып кетип, 18 жаштагы улан каза тапты. Кырсыктын видеосу

© REUTERS / SOCIAL MEDIA
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
721 0 0

Аттракцион убактылуу токтотулуп, иликтөө иштери башталды

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. АКШнын Огайо штатындагы жарманке учурунда аттракцион сынып кеткенинен улам бир адам каза болуп, дагы бешөө ооруканада оор абалда жатканын NBC4i телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Кырсык жарманкенин ачылыш аземинде болгон.

Аталган телеканалга полициянын өкүлү Стив Мартин билдиргенине караганда, аттракциондун бир катары жулунуп кеткен.

Ал эми иш-чаранын уюштуруучулары өздөрүнүн Twitter баракчасына иликтөө иштери жүрүп жатканын айтышты.

"Социалдык тармактарда аттракциондогу кырсык жөнүндө пикирлер жазылууда. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Маалымат түшөөрү менен кабарлап турабыз", — деп жазылган билдирүүдө.

Ага караганда, кырсыктан каза тапкан жигит болгону 18 жашта болчу. Аттракцион убактылуу жабылды.

Тема боюнча

АКШда каруселден кулаган кызды күбөлөр видеого тартып алган
Белгилер:
аттракцион, кырсык, өлүм, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ