Ысыктан улам Кытайдын электр тармактарына келген оордук рекоррдук көрсөткүчкө жетти

Жазылуу
20 күндөн бери кайтпай жаткан аптап алгач өлкөнүн бир топ бөлүгүн камтыган

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Быйылкы ысык Кытайга бир топ кыйынчылыктарды жаратып, аптаптан улам өлкөнүн электр тармактарына келген оордук рекоррдук көрсөткүчкө жетти. Бул туурасында Синьхуа сайты билдирди. 

25-июль, саат 00:00 убактысына карата өлкө боюнча 1,753 млрд. кВт-саат электр кубатын иштелип чыккан. Бул өлкө тарыхындагы алтынчы рекорддук көрсөткүч болду деп жазды агенттик.

Күн ысыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйылкы июнь айы абдан ысып, 136 жылдан берки рекордду жаңыртты
20 күндөн бери кайтпай жаткан аптап алгач өлкөнүн түндүгүн, андан соң түндүк-батыш райондорун камтыган. Жалпы жонунан алганда 19 аймакта ысыктын күчү 40 градуска жеткендигин Кытайдын электр кубаты боюнча диспетчердик-көзөмөл борборунан кабарлашкан. Андан сырткары Чыгыш, борбор жана түндүк-чыгыш тарабында күндүн ысыктыгы рекорддук чекке жеткен.

Кытайдын бул жайда иштеп чыккан электр кубаты Түштүк Корея менен Австралияны бириктирип чыгарган көлөмүнөн да арбыныраак болгондугун аталган борбордон кабарлашты.

Жергиликтүү энергетиктер мындай көрүнүш Кытайдын электр тармактары үчүн чоң сыноо болуп жаткандыгын айтышкан.

Аталган борбордон мындай абалдан улам өнөр жай ишканаларына күндүн бир маалында электр кубатын колдонууга чектөө киргизилиши мүмкүндүгүн билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0