Макрегорго окшош казакстандык пранкерди көргөн АКШлыктар сүрөткө түшүп жыргашты

Жазылуу
Көчөгө чыккан "Конорду" көргөн америкалык күйөрмандар акыл-эсин жоготуп кое жаздашты

Бокстун беш салмак категориясы боюнча дүйнөнүн экс чемпиону америкалык Флойд Мейвезер UFC жылдызы Конор Макгрегор менен - Sputnik Кыргызстан
Мейвезер мушкер Конор менен беттешкенден кийин миллиард доллар табышы мүмкүн
Казакстандык пранкер Ислам Бадургов лос-анджелистиктердин алдына ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун образында чыгып, тамашага салгандыгын Tengrinews.kz маалымат агенттиги жазып чыкты.

Пранкер белгилүү мушкерге окшошуу үчүн чачын өзгөртүп, денесине татуировканы жармаштырып алган. Макгрегордун "түгөйү" Лос-Анджелестин көчөлөрүн кабриолет Bentley унаасы менен кыдырган. Маалыматта аны көргөн тургундар сүрөткө түшүп жыргашканы айтылат.

Ирландиялык мушкер көп каттаган Беверли-Хиллздеги Родео-драйв көчөсүнө барган пранкер айланасына бир топ киши топтой алган. Күйөрмандар "Конор" менен сүрөткө түшкөнүнө ыраазы болуп сүйүнүшкөн.

"Биздин мындай кадамыбыз Лос-Анджелесте, дегеле UFC дүйнөсүндө чоң ызы-чуу жаратты", — деп Ислам Бадругов видеого комментарий жазган.

Ал эми чыныгы Макгрегор 26-августта Лас-Вегаста Флойд Мейвезердин кичүүсү менен беттешке даярдык көрүп жаткан чагы.

Жаңылыктар түрмөгү
0