Африкада ВИЧ дартын жеңген кыз табылды

© AFP / FAROOQ NAEEMЛабораторияда ВИЧке анализ алып жаткан дарыгер. Архив
Лабораторияда ВИЧке анализ алып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал сегиз жыл бою антивирустук дарыларды ичпей оору менен күрөшүп, жыйынтыгы жакшы болгон.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жонс Хопкинс атындагы балдар борборунун вирусологу Ави Виолари Африкада бир кыз ВИЧ илдетинен толугу менен айыкканы тууралуу Lancet журналы жазып чыкты.

Атайын программанын алкагында энеси ВИЧ менен ооруган бир айлык балдардын атайын тобу илдетке каршы дарыларды 40 жумага чейин алышкан. Андан кийин окумуштуулар дарылоону токтотуп, илдет кайра чыгышы мүмкүнбү деп күтүшкөн.

Африкадагы бир кыз сегиз жыл бою антивирустук дарыларды ичпей оору менен күрөшүп, жыйынтыгында ийгиликке жеткен.

"Мындай учурлар чанда гана кездешет. Аларды изилдеп биз оорулууларды айыктырууга аракет кылабыз. Жаштайынан тарта вируска каршы дарыларды ичүү менен баланын иммунитети ооруга туруштук берүүгө көнөт. Биз айыккан кыз башкалардан эмнеси менен айырмаланганын аныкташыбыз керек", — деди Ави Виолари.

Вирусологдун айтымында, кыздын канында ВИЧ илдетинин белгилери жок. Анткен менен вирусттун фрагменттери клеткаларда бар. Ошол эле учурда алар көбөйбөйт. Бул көрүнүш ВИЧ илдетине каршы күрөшүүдөгү алгачкы ийгиликтүү кадамдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0