Окумуштуулар: бала кезден спорттун бир түрү менен машыгуу ийгиликке жеткирбейт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТренировка по гимнастике в спорткомплексе "Манеж" в Великом Новгороде
Тренировка по гимнастике в спорткомплексе Манеж в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык окумуштуулар ушул жаатта ири иликтөө жүргүзгөн

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. АКШнын Томас Жефферсон университетинин окумуштуулары "адамдын жаштайынан спорттун бир түрү менен алектениши ийгиликке жеткирет" деген түшүнүктү четке какты. Бул тууралуу РИА Новости American Journal of Sports Medicine журналына таянуу менен жазды.

Олимпиада 2016. Плавание. Третий день - Sputnik Кыргызстан
Олимпиаданын 23 жолку чемпиону Майкл Фелпс акула менен жарышты
Аталган университеттин профессору Патрик Бакли баштаган илимпоздордун тобу 3000дей спортчунун жашоосуна көз салып, эксперимент жүргүзгөн. Иликтөөгө спорт менен машыккан окуучулар, студенттер жана дасыккан спортчулар тартылган.

Окумуштуунун айтымында, 21-кылымдын башына чейин профессионал спортчулар учурунда "өзүнүнкүнөн" тышкары түрлөр менен машыгып, ар тараптуу болуп келишкен. Кырдаал 2000-жылдардан тарта кескин өзгөрө баштаган. Спорттун бир гана түрүнө басым жасоодон спортчулардын чеберчилиги өтө өсүп кеткени байкалган эмес.

"Мындан тышкары, бир түрдүү машыгуудан улам жаштар көбүрөөк жаракат алары белгилүү болду. Бул пикирге спортчулардын өздөрү да макул болушту", — деди Бакли.

Ушу тапта аталган окумуштуулар бул жаатта иликтөөсүн улантары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0