Кытайда асма поезд сыноодон өткөрүлө баштады

© AFP / STRКытайдагы поезд кызматкерелри. Архив
Кытайдагы поезд кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук транспорт саатына 70 чакырым ылдамдыкта жүрүп, 500дөн ашык жүргүнчүнү ташый алат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кытайда асма поезддер сыноодон өткөрүлө баштады. Бул тууралуу РИА Новости CGTN телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Асман алдындагы поезд" аталышындагы өзгөчө транспортту сыноо иштери Шаньдунтери провинциясынын Циндао шаарында башталды. Аны кытайлык CRRC Qingdao Sifang компаниясы иштеп чыккан.

Бир рельстүү поезд жерден 5 метрден 10 метрге чейинки бийиктикте асылып, 500дөн ашык жүргүнчүнү ташый алат. Андан сырткары, саатына 70 чакырым ылдамдыкта жүргөн транспортко беш вагонду чиркесе болот.

Долбоордун техникалык директору Лю Юйвэндин айтымында, поезддин салмагы жеңил жана катуу үн чыгарбайт.

"Коомдук транспорттун салмагы жеңил, катуу үн чыгарбайт жана күчтүү келет. Мунун бардыгы техниканын эффективдүүлүгүн жогорулатат", — деди Лю Юйвэн.

Эске сала кетсек, асма поезд долбоору XX кылымдын башында эле иштелип чыгып, 1901-жылы Германиянын Вупперталь шаарында пайдаланууга берилип азыркыга чейин иштейт. Кытай мындай транспортту колдоно баштаган Германия менен Япониядан кийинки үчүнчү өлкө болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0