Интерпол 173 жан кечти террорчунун тизмесин жарыялады

© AP Photo / Militant Photo"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеде террорчунун аты-жөнү, террордук уюмга качан азгырылып кирип кеткени, акыркы жашаган жери, барган мечити жазылып, энесинин сүрөтү чапталган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Интерпол "Ислам мамлекети" террордук уюмунун Европада терактыларды уюштурушу мүмкүн делген 173 жан кечти террорчусунун тизмесин жарыялады. Бул туурасында РИА Новости Guardian басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Кармалган жарандан табылган буюмдар - Sputnik Кыргызстан
УКМК террорчулук жасоого аракет кылган КР жаранын кармады
Тизмени Американын чалгын кызматы Сирия жана Ирактагы операциялар учурунда алган маалыматтарга таянып түзгөн. Аларды ФБРге берип, андан соң Интерпол алган.

Тизмеде жарылуучу затты өз алдынча жасай алган согушкерлер боюнча маалыматтар жазылган.

Басылмада алар Европада шек жараткан деп эсептелгендердин арасында экендиги боюнча маалыматтар жок. Анда террорчунун аты-жөнү, аталган террордук уюмга азгырылып кирип кеткен убагы, жашаган акыркы жери, барган мечити жазылып, энесинин сүрөтү чапталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0