Порошенко менен Лукашенконун жолугушуусунда жарым жылаңач кыз чуу салды

© REUTERS / VALENTYN OGIRENKOУкраинанын лидери Петр Порошенко менен Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Киевде жолугушуу учурунда
Украинанын лидери Петр Порошенко менен Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Киевде жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн башчыларынын катышуусу менен документтерге кол коюлуп жатканда көкүрөгү ачык кыз кирип келген

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Киевде Украина лидери Петр Порошенко менен Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун эки тараптуу документтерге кол коюу учурунда белгисиз кыз кирип келип жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган. Кыздын жосунсуз жоругу тартылып калган видеону РИА Новости жарыялады.

Эки өлкөнүн башчыларынын катышуусу менен документтерге кол коюлуп жатканда көкүрөгү ачык кыз кирип келип "Жыве Беларусь!" (Жашасын Беларусь!) деп кыйкырган. Мындан сырткары, анын денесинде дагы ушундай лозунг жазылган. Күзөтчүлөр аны күч колдонуп залдан чыгарып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0