Кытайдын тургундары WhatsApp колдоно албай калышты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТелефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив
Телефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тургундар бири-бирине сүрөт, видео жөнөтө албай калышты. Айрымдары тексттик билдирүү да жиберилбей калганын айтышууда.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кытай бийлиги WhatsApp мессенджерин жарым жартылай чектегенин The New York Times басылмасы өзүнүн булагына таянуу менен билдирди. 

Колдонуучулардын басымдуу бөлүгү бири-бирине сүрөт, видео керек болсо тексттик билдирүүлөрдү жибере албай жатышканын айтышууда. Эксперттердин айтымында, мындай мүчүлүштүктөр кытай бийлигинин интернет-фильтрлерине байланыштуу. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар дагы социалдык тармактарга жазышууда.

​"Кытай WhatsApp мессенджерине тыюу салдыбы же бул чындап эле бузулдубу? Кечээтен тарта VPN аркылуу гана кирип калдым", — деген пикирин Пекинде жашаган журналист өзүнүн Twitter баракчасына жазган.

Басылманын билдиришинче WhatsApp мессенджери Facebook компаниясына таандык болгондуктан ушундай кадамдар жасалышы мүмкүн. Себеби, Facebook социалдык баракчасына Кытайда чектөө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0