Ватикандагы чуу: оорулуу балдарга чогулган акча кардиналдын үйүн оңдоого жумшалган

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүВатикан кардиналдары. Архив
Ватикан кардиналдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер сот Профити менен Спинуну күнөөлүү деп тапса, экөө тең үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажырап, беш миң евродон айып төлөшү мүмкүн.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ватиканда "Младенец Иисус" ооруканасынын мурдагы президенти Жузеппе Профити менен госпиталдын экс-казыначысы Массимо Спину балдарды дарылоо үчүн чогултулган жарым миллионго жакын еврону максатсыз колдонгондугу үчүн күнөөлөнүп жатат. Бул тууралуу Associated Press агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, 422 миң евродон ашык каражат мурда Ыйык Престолдо мамлекеттик катчы кызматында иштеген Тарчизио Бертоне аттуу кардиналдын батирин оңдоого жумшалган.

"Аталган каражаттын бардыгы "Младенец Иисус" ооруканасында оорулуу балдарды дарылоо үчүн кайрымдуулук жолу менен чогултулган суммадан алынган", — деп жазылат макалада.

Эгер сот Профити менен Спинуну күнөөлүү деп тапса, экөө тең үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажырап, беш миң евродон айып төлөшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0