Германия G20 жыйыны учурундагы каршылык акциялары келтирген чыгымды эсептеди

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүГерманиянын камсыздандыруу бирикмеси Гамбург шаарында өткөн G20 саммити учурундагы каршылык акцияларынын катышуучусу
Германиянын камсыздандыруу бирикмеси Гамбург шаарында өткөн G20 саммити учурундагы каршылык акцияларынын катышуучусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-8-июлда Гамбург шаарында G20 саммити өткөн

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Германиянын камсыздандыруу бирикмеси Гамбург шаарында өткөн G20 саммити учурундагы каршылык акцияларынан 12 миллион евро (13,8 миллион доллар) чыгым келгенин эсептеп чыкты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди. 

Германиянын Федералдык жыйыны (Бундестаг) бир жыныстуу никеге жол ачкан мыйзам кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Германия бир жыныстуу никеге уруксат берди
Бирикменин расмий сайтында келтирилген чыгымдын суммасы болжолдуу түрдө эсептелгени айтылат. Чыгымдын басымдуу бөлүгү өрттөлгөн автоунаалар, талкаланган имараттар менен ишканаларга туура келет.

Белгилей кетсек, 7-8-июлда Германиянын Гамбург шаарында G20 саммити өтүп, бул иш-чара учурунда калаанын тургундары каршылык акциясына чыгышкан.

Укук коргоо органдары эки жүздөн ашык кишини кармаган. Аларга полицияга каршылык көрсөттү деген айып коюлуп, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0