Альп тоолорунда 75 жыл мурун жоголгон жуптун сөөгү табылды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАльп тоологу. Архив
Альп тоологу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1942-жылы Шандолен айылынын тургундары Марселен жана Франсин Дюмулендер уй сааганы тоого чыгып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Швейцариянын альп тоолорундагы мөңгүлөрдөн 75 жыл мурун жоголгон жуптун сөөгү табылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Рейтерге таянуу менен жазып чыкты.

Ага ылайык, 1942-жылы Шандолен айылынын тургундары Марселен жана Франсин Дюмулендер уй сааганы тоого чыгып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

"Ле-Дьяблере курортунун жанындагы мөңгүдөн эки адамдын сөөгү табылган. Алардын кийимдери экинчи дүйнөлүк согуштун убагына таандык болуп, сөөгү жана документтери жакшы сакталган", — деп жазылат маалыматта.

Маркумдардын 79 жаштагы кичүү кызы ата-энесин көп жылдан бери издеп келгенин айтып, алдыда ДНК-тест болоорун кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0