Ставрополдогу жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында КР жарандары жок

© Фото / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 17-июлга караган түнү катталган

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Россиянын Ставрополь аймагындагы Кочубей – Нефтекумск – Зеленокумск – Минеральные Воды авто жолунда болгон жол кырсыгынан 2 киши каза болуп, 27 киши түрдүү жаракаттарды алган. Алардын арасында КР жарандары жок экенин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 17-июлга караган түнү Кочубей – Нефтекумск – Зеленокумск – Минеральные Воды авто кан жолунда автобус менен жеңил автоунаа кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча ВАЗ-2110 үлгүсүндөгү жеңил автоунаа жолдун каршы тилкесине чыгып, Кизляр — Пятигорск багыты боюнча бараткан автобус менен кагышкан. Анын кесепетинен автобус жолдун четине чыгып оодарылып калган.

Аталган маселе элчиликтин жеке көзөмөлүндө турганы билдирүүдө айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0