Англиялык кыз уурунун колундагы велосипедин ала качты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЧемпионат Velo-PumpBattle 2017
Чемпионат Velo-PumpBattle 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Велосипедин көчөдөн уурдатып ийген кыз бир нече сааттан кийин аны соцтармак аркылуу сатып жатышканын билип калган

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Англиянын Бристоль шаарынын тургуну өзүнүн жакында эле жоголуп кеткен велосипедин бирөөлөр Facebook аркылуу сатып жатканын көрүп, аны уурдай качкандыгы тууралуу Bristol Post гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаар тургуну атасынын мылтыгы менен унаасын сактап, ууруну кармап калды
Маалыматка караганда, Женни шаардын борбордук көчөлөрүнүн бириндеги тамактануучу жайга кирип чыккандан кийин, велосипедин таппай калган. Андан соң полицияга кайрылган.

Бир нече сааттан кийин анын велосипедин башка адам Facebook тармагы аркылуу сатыкка койгонун көргөн. Женни полициядан сатып жаткан адамга чогуу баруусун суранганда, алар баш тартышкан.

Ошондо кыз буюмун өз алдынча кайтарып алууну чечкен.

"Мен ага барып, велосипедге абдан кызыгып жаткан түр көрсөттүм. Бир аздан кийин отургучу өтө бийик эмеспи, отуруп, ары-бери айдап көрөйүн деп тиги кишинин колуна тамекинин кутусу менен ачкычты карматтым дагы качып жөнөдүм. Тамекинин кутусу бош, ал эми ачкычтын кереги жок болчу", — деди Женни.

Полиция кийин уурдалган велосиппедди сатып жаткан адамга барып, бирок эч кандай чара көрө алган эмес. Анткени ал дагы бейтааныш адамдан сатып алганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0