Жырткыч эс алуучуларды көл жээгинен дыргаяктатып кубалаган видео тарады

Жазылуу
Жапайы жаныбар алгач балдарды көздөй чуркап, андан соң эс алуучулардын кийим-кечесин аралап тамак издеген.

Хищник схватил девочку и утащил в воду — видео очевидца - Sputnik Кыргызстан
Жырткычтын кызды сууга сүйрөп кеткен видеосу тарады
Ачка болгон тюлень Сан-Диегодогу пляжда эс алуучулардын жүрөгүн түшүрдү. Бул тууралуу РИА Новости USA Today басылмасына шилтеме жасап жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 14-июль күнү болгон. Океан жээгинде эс алуучулар тартып алган видеодо жырткыч алгач балдарды көздөй чуркап, андан соң эс алуучулардын кийим-кечесин аралап тамак издеген.

Окуяга күбө болгон адамдардын бири муну күлкү катары көрсө, дагы бири жапайы жырткычтын кылыгын коркунуч катары санап, андан алыс болууга аракет кылышкан.

Эске сала кетсек, буга чейин Канадада тюлень кичинекей кызды кийиминен тиштеп сууга сүйрөп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0