Афганистанда коалициянын абадан урган соккусунан үч бала жабыркады

© AP Photo / Rahmat GulАфганистан тез жардам автоунаасы. Архив
Афганистан тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгонго чейин окуучулар мектептен кетип калып, бактыга жараша, курман болгондор катталган эмес.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. АКШ башында турган коалициянын учагы Афганистандын Кундуз шаарындагы райондордун бирине абадан сокку уруп, жыйынтыгында үч бала жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып кабарлады.

Афганистандагы АКШ жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маккейн: АКШ Афганистандагы согушта жеңилип жатат
Абадан болгон сокку жергиликтүү саат 4:15тер чамасында катталып, андан мектеп жана ага жакын үй, ошондой эле 13 дүкөн жапа чеккен.

Билим берүү департаментинин облустук жетекчиси Жанат Гүл Насиринин айтымында, кырсык болгонго чейин окуучулар мектептен кетип калып, бактыга жараша, курман болгондор катталган эмес.

Учурда Афганистандын коопсуздук күчтөрү менен согушкерлердин ортосунда кагылышуу уланууда.

Акыркы айларда Афганистандагы кырдаал начарлап мурда айыл, райондорду басып алган "Талибан" радикал кыймылы эми ири шаарларды каратып алууга аракет кылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0