Мамдуманын шыбынан жыйын учурунда суу тамчылады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын Мамлекеттик думасынын имараты. Архив
Россиянын Мамлекеттик думасынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күтүлбөгөн окуядан улам жыйын үзгүлтүккө учураган

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик думасынын имаратынын шыбынан пленардык жыйын учурунда суу тамчылаганын РИА Новости агенттиги билдирди.

Тамчы депутаттар отурган жерге тамчылагандыктан 10 мүнөттүк тыныгуу жарыяланган, бирок Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин жыйынды мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болду.

Эске салсак, Москвада жума күнү нөшөрлөгөн жамгыр шамал менен коштолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0