ЖМК: Россияда бир жылдан кийин ракты айыктыра турган робот-хирург пайда болот

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгерлер операция учурунда. Архив
Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы аппарат колдонууга ыңгайлуу болуп, дарыгерлердин жумушун жеңилдетет.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россияда 2018-жылдын аягында "Онкоробот" пайда болорун "Известия" гезити Борбордук илим-изилдөө жана конструктордук институтуна таянуу менен билдирди.

"Адистештирилген медициналык мекеме бул долбоорго кызыгып жатат. Алгачкы робот 2018-жылдын аягында пайда болуп, аны сыноо дагы бир жылга созулат", — деп айтылат маалыматта.

Робот-хирург ракты нурлантып дарылоо жаатында колдонулат. Жаңы аппарат колдонууга ыңгайлуу болуп, дарыгерлердин жумушун жеңилдетет. Андан сырткары, онкологиялык ооруларды дарылоодо эффективдүү болорун окумуштуулар белгилешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0