Эми Россиянын жарандыгын алгандар ант беришет

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРоссия Федерациясынын жаранынын паспорту. Архив
Россия Федерациясынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык алгандар салтанаттуу түрдө окуй турган анттын тексти дагы жарыяланды.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Мамлекеттик Дума Россиянын жарандыгын алып жаткан кишилер бере турган анттын текстин бекитти. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

Мигранты из КР рискуют остаться без работы в РФ из-за водительских прав - Sputnik Кыргызстан
Федералдык кеңеш КР жарандарынын айдоочулук күбөлүгүнө уруксат берүүгө даяр
Анттын текстин депутаттардын атайын тобу июнь айында иштеп чыгып, бардык фракциянын лидерлери жактырган.

Анттын текстинде жарандык алып жаткан киши Россия федерациясынын жарандыгын өз ыктыяры жана баарын билип туруп кабыл алып жатканы жазылат. Ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарын, жарандардын укугун жана эркиндигин, өзүнүн милдеттерин жана Россиянын эркиндиги менен көз карандысыздыгын сактоого, анын маданиятын, тарыхын жана салт-санаасын урматтоого ант берери жазылган.

Мамлекеттик Думанын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин башчысы Павел Крашенинников билдиргендей, Россиянын паспорту ант бергенден кийин дароо берилет.

Ант берүү тартиби президенттин жарлыгы менен жөнгө салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0