Флоридада сууга чөгүп жаткан үй-бүлөнү 80 киши биргелешип куткарып калды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүОтдых на Балтийском море
Отдых на Балтийском море - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роберта Урсрей аттуу айым үй-бүлөсү менен көл жээгинде эс алып жатканда эки баласын толкун тартып кеткен

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Флоридада көл жээгинде 80 адам кол кармашып узундугу 100 метр болгон жандуу чынжыр түзүп көлгө чөгүп кете жаздаган үй-бүлөнү куткарып калышты. Бул тууралуу РИА Новости CBS телеканалына шилтеме берүү менен жазды.

​Маалыматка ылайык, Роберта Урсрей аттуу айым үй-бүлөсү менен көл жээгинде эс алып жатканда эки баласын толкун тартып кеткен. Балдарын куткарууга апасы, анын артынан алты үй-бүлө мүчөлөрү дагы чуркаган. Бирок эч ким куткара алган эмес. Бактыга жараша көл жээгинде жүргөн бейтааныш кишилер суунун ортосуна чейин кол кармашып барып, үй-бүлөнү куткарып калган.

"Мен баарына алкыш айтам. Өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн өмүрү үчүн аларга карызмын", — деди Урсрей.

Телеканалдын маалыматы боюнча балдардын апасы сууга түшкөндө жүрөгү кармап ооруканага жеткирилген. Калган үй-бүлө мүчөлөрү жаракат алган эмес.

Сууга тумчуккан адамга кантип биринчи жардам көрсөтүлүшү керектигин Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0