БИШКЕК, 11-июл. – Sputnik. Британиялык атактуу ырчы Стинг эл аралык Polar Music Prize сынагынан жеңип алган акчасынын 104 миң долларын Швециядагы жаш качкындарды колдоо программасына берди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
"Polar Music Prize сыйлыгынын ээси Стинг алган сыйлыгын чыпчыргасын коротпой калк фондусунун долбооруна которду. Аталган фонду музыканын жардамы менен жаш качкындар арасында келечекке болгон ишенимди бекемдөө максатын көздөйт", — деп айтылат аталган фондунун маалыматында.
"Бул сыйлыктын мага ыйгарылганы мен үчүн сыймык жана бул акчаны швед жаштарынын Songlines деп аталган демилгелүү фондусуна канааттануу менен берем. Музыка качкын жаштардын коом менен жакындашуусуна көпүрө катары кызмат кылмакчы", — деп айткан музыкант.
Стинг CBE — Британиялык музыкант, ырчы, активист, актёр жана филантроп.