Виталий Кличконун машыккан видеосу сатыкка коюлат. Баштапкы баасы 38 доллар

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБелгилүү боксчу, Киев шаарынын мэри Виталий Кличко. Архив
Белгилүү боксчу, Киев шаарынын мэри Виталий Кличко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сатыктан түшкөн каражаттын баары нейрохирургия институтунун балдар клиникасына жумшалат

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Белгилүү боксчу, Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун машыккан видеосу ProZorro электрондук порталына сатыкка коюлат. Баштапкы баасы 38 доллар. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, Кличко машыгуудагы сырларын видеого тартып, сатыкка коюу пландалууда.

"Сатыктан түшкөн каражаттын баары нейрохирургия институтунун балдар клиникасына жумшалат", — деп жазылат маалыматта.

Киев мэринин машыккан видеосу 25-июль күнү сатыкка чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0