National Geographic рейтингине Орто Азиядан Кыргызстан гана кирди

© Sputnik / Геннадий ЗакировАлтын-Арашан капчыгайы. Архив
Алтын-Арашан капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу басылманын рейтингине Орто Азиядан жалгыз гана Кыргызстан кирген

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Илимий-популярдуу National Geographic журналы Кыргызстанды туристтер менен саякатчылардын көп келиши керек болгон алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошту. 

Журналдын эксперттеринин айтымында, туристтер үчүн Кыргызстанда бир топ шарттар каралган. Алардын алдыңкысы бир катар Европа жана башка мамлекеттер менен болгон визасыз режим.

"Чыгыш жана Түштүк Азияга туристтер көп келишет. Ошол эле учурда Орто Азиянын да туристтерди кызыктыра турчу көп жакшы жактары бар. Кыргызстандын чыгышында көгүлтүр Ысык-Көл жана аскасын кар баскан Тянь-Шань тоолору бар. Активдүү эс алууну каалагандар үчүн бул эң сонун тандоо", — деп жазат аталган журнал.

Кыргызстандан сырткары, аталган рейтингге Молдова, Монголия, Арктика Аляскасы, Гаити, Гайана, Филиппин, Түркия, Египет жана Лесото кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0