Англияда колукту болочок күйөөсүн уурдалган шакек белек кылганы үчүн полицияга берди

Жазылуу
Киши 4,9 жылга эркинен ажыратылды

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Англияда кыз болочок күйөөсүн кемпирди тоногону үчүн полицияга берди. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы билдирди.

Смерть вместо свадьбы — видео крушения вертолета с невестой - Sputnik Кыргызстан
Тойго учуп келе жаткан колукту каза болду. Кулаган тик учак тартылган видео
Маалыматка ылайык, окуя Англиянын батышындагы Уэст-Мидленд аймагында болгон. 38 жаштагы Стивен Рид шериги менен 91 жаштагы кемпирди тоноп кеткен. Анын арасында алтын шакек дагы болгон. Аны сүйгөнүнө үйлөнүү үчүн сунуш киргизгенде белек кылган.

Кийин ал аталган шакек уурдалган буюмдардын катарында экенин билип, болочок күйөөсүн полицияга берген. Текшерүү учурунда анын бармак издери кылмыш болгон жердеги буюмдардын биринде калганы аныкталган.

Сот Риддини күнөөлүү деп таап, 4 жыл 9 айга эркинен ажыраткан. Ал эми Риддин шериги 4 жыл 3 айга кесилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0