Кытай: катуу жамгыр 80ден ашуун адамдын өмүрүн алып кетти

© AP Photo / Ng Han GuanКытайдагы тез жардам автоунаасы. Архив
Кытайдагы тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хунань провинциясында 22-июндан баштап жааган жамгырдан 12 миллион жашоочу зыян тарткан

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кытайдын Хунань провинциясынын түштүк-чыгыш тарабында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, каза болгон жана дайынсыз жоголгон адамдардын саны 83кө жетти. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Размытие рекой Чу дороги Бишкек — Нарын — Торугарт - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: дарыялар толкуп-ташып, жээктерди суу жеп кетиши мүмкүн
Маалыматка ылайык, 28 адам жер көчкү астында калса, 13үн топон суу алып кеткен, 22си имараттар кулаганда каза таап, төртөө сууга чөгүп, дагы 16сы ар кандай себептер менен дайынсыз жоголгон.

22-июндан баштап жааган жамгырдан 12 миллион жашоочу зыян тартканы айтылат. Синьхуа агенттигинин билдирүүсүнө караганда 1,6 миллион адам эвакуацияланып, 470 миң жаран жардамга муктаж. Табигый кырсык 53 миң турак жайды кыйратып, дагы бир тобуна зыян келтирген.

Куткаруу иштерине 52 миңден ашуун аскерр жана полиция кызматкерлери катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0