Маккейн: АКШ Афганистандагы согушта жеңилип жатат

© AFP / KAMAL KISHORE / POOL Афганистандагы АКШ жоокерлери. Архив
Афганистандагы АКШ жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сенатор Афганистандын армиясы чекесинен кырылып жаткандыгын айткан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. АКШнын Сенатынын куралдуу күчтөр боюнча комитетинин төрагасы Жон Маккейн Вашингтон 2001-жылдан бери Афганистанда жүргүзүп келе жаткан аскердик операцияларда жеңилип жаткандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"Бизде так стратегия жок болгондуктан жеңилип жатабыз", — деген пикирин Маккейн CBS телеканалына берген маегинде билдирген.

Ал Афганистандын армиясы чекесинен кырылып жаткандыгын айткан.

Республикачыл-сенатор маселенин баары Ак үйдө экендигин, учурда ал жактан "көп жагдайлар түшүнүксүз" болуп жаткандыгын билдирген.

Президент РФ В. Путин принимает участие в саммите Группы двадцати в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Россия менен АКШ Сирия боюнча чогуу аракеттенет
АКШ 2001-жылдан бери жергиликтүүлөргө кол кабыш кылып, "талибандарга" жана "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы күрөшүүдө Афганистан бийлигине жардам берип келет.

2015-жылдын 1-январынан тарта аталган өлкөдө НАТОнун "Чечкиндүү колдоо" деп аталган жаңы миссиясы иштеп келет. Учурда Афганистанда АКШнын 10 миңге жакын аскерлери бар, алар жергиликтүү күч түзүмдөрүнө коопсуздук жаатында жардам берип, террорчуларга каршы операцияларды өткөрүү милдетин аткарууда. АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынан башчысы Дэниел Коутс өлкөдө абал жакшы эместигин, талиптер улам жаңы жерлерди кайтарып алып жаткандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0