Польшада экинчи дүйнөлүк согуш маалынан калган жарым тонналык бомба табылды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүГорода Мира. Варшава
Города Мира. Варшава - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик өкүлдөрү бомбаны атайын полигонго алып барып жардырарын билдирди

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Польшанын Белосток жана Супрасль шаарынын миңдеген тургундары экинчи дүйнөлүк согуш учурунан калган бомбанын айынан коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жергиликтүү телеканалдарга таянуу менен жазып чыкты. 

Салмагы 500 килограмм болгон бомба курулуш учурунда табылган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бомбанын жарылып кетет деген коркунучу жок экенин айтып, элди ишендиришүүдө. Коопсуздук чараларынан улам бомба табылган аймакка жакын жолдордун бардыгы жабылган.

Бийлик өкүлдөрү бомбаны атайын полигонго алып барып жардырарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0