Окумуштуулар организмди коргоо үчүн өздөрү өлүмгө дуушар болгон клеткаларды табышты

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүМедицинский класс в московской школе
Медицинский класс в московской школе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар бул ачылыш ВИЧ сыяктуу илдеттер иммундук системаны кантип алдап, органимзге кирип кетип жатканын билүүгө жол ачарына ишенип жатышат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Окумуштуулар өзү ооруну жуктуруп алып, өлүмгө дуушар болуу менен имунитеттин башка компоненттерине коркунуч жөнүндө кабар берген клеткаларды табышкандыгын Science Immunology журналына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

"Биз вирустарды тосуп алып, алар тууралуу организмге кабар берчү клеткалардын эки түрүн таптык. Экөө тең организмдин былжырлуу катмарларында жайгашып, коргоонун биринчи катарында турат. Болгону биринчи түрү — вирустарды өзүнө алат дагы дароо өлөт. Муну менен алар организмге коркунуч жаралып жатканын билдиришет. Ал эми экинчи түрү вирустарды изилдешет. Ошол эле учурда вирустарга каршы антителаларды бөлүп чыгарган Т-клеткаларына кабар берет", — деп айтылат макалада.

Буга чейин окумуштуулар вирустарга №1 душман болгон бул клеткаларга чабуул болбогонуна таң калып келишкен. Көрсө алардын вируска туруштук берүүчү өзгөчө коргонуусу бар экен.

Маалыматка караганда, окумуштуулар бул ачылыш ВИЧ сыяктуу илдеттер иммундук системаны кантип алдап, организмге кирип кетип жатканын билүүгө жол ачарына ишенип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0