Британияда педофилдикке шектелген имам 13 жылга эркинен ажыратылды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор "Матросская тишина"
Следственный изолятор Матросская тишина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Педофилдикке шектелген адам Кардифф шаарындагы мечитте 30 жылдан бери иштеп, башталгыч класстын окуучуларына Куран боюнча жумасына төрт жолу сабак өтчү.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Улуу Британиянын Кардифф шаарынын королдук соту педофилидикке шектелген жергиликтүү мечиттин имамын 13 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Independent басылмасы кабарлады.

Сот бөлмөсүндөгү шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өз кыздарын зордуктап жүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды
Басылманын билдирүүсүнө караганда, 81 жаштагы Мохаммед Хажи Саддик (Mohammed Haji Saddique) окуучу кыздарды бет маңдайына отургузуп, Куран саптарын окууга мажбурлап, бул учурда аларга кармалаган.

Маалым болгондой педофилдикке шектелген Саддик Британиянын Кардифф шаарындагы мечитте 30 жылдан бери иштеп, башталгыч класстын окуучуларына Куран боюнча жумасына төрт жолу сабак өтчү.

Сот аны 1996-жылдан 2006-жылга чейинки аралыкта балдарга алты жолу ыдык көрсөтүп, сегиз ирет жыныстык катнашка мажбурлады деген айып менен күнөөлүү деп тапты.

Ал эми имам өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп, танууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0