Путин менен кечки тамак үчүн Орнелла Мути спектаклде ойнобой, Россияга учуп кеткен

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүВладимир Путин посетил благотворительный концерт в Санкт-Петербурге
Владимир Путин посетил благотворительный концерт в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актриса театр жетекчилигине ооруп калдым деп жасалма кагаз алып келгени менен аны Россия президенти Путин менен болгон кайрымдуулук иш-чарасынан көрүшкөн.

БИШКЕК, 8 июл. — Sputnik. Актриса Орнелла Мути Путин менен уюштурулган кечки тамак үчүн театрга барып, роль ойноодон баш тарткан. Бул туурасында Il Gazzettino басылмасы кабарлады.

Көрсө, 2010-жылы италиялык актриса өзү иштеген театр жетекчилигине ооруп калдым деп жасалма кагаз алып келген экен. Анын айынан театрда коюла турган спектакль болбой калган. Ал эми Мути Россияга президент Путин менен болгон кайрымдуулук кечки тамагына катышуу үчүн учуп кетиптир.

Прямая линия с президентом РФ В. Путиным - Sputnik Кыргызстан
Владимир Путин экинчи жолу таята болгонун айтты
Ошол эле күнү кечинде италиялык басылмалардын бири актриса Санкт-Петербург шаарында Россия лидери Путин жана америкалык Кевин Костнер катышкан кайрымдуулук кечки тамагында болгонун жазган.

Анда Италия киноөнөрүнүн жылдызына сот 500 евро айып салып, шарттуу түрдө жарым жылга абакка кесүү чечимин чыгарган.

Жакында Италиянын Кассациялык соту биринчи инстанциянын жазасын жеңилдетип, шарттуу абак мөөнөтү менен айыппулдун өлчөмүн азайткан.

Эгерде актриса 30 миң евро айыппул төлөсө, абак жазасынан кутулат. Андан сырткары 3,6 миң евро компенсация төлөөгө туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0