Аялы менен кайненесин өрттөп ийген адамды РФ соту 24 жылга кести

© Sputnik / Андрей Старостин / Медиабанкка өтүүСудебный молоток
Судебный молоток - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касимов жашы жете элек баланын жашоосуна өзгөчө мыкаачылык менен кол салуу жана эки адамды өлтүрүү беренелери менен соттолду.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Новосибирск облустук соту кайненеси, аялы жана кызы бар үйдү өрттөп ийген Юрий Касимов аттуу адамды 24 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарганын облус прокуратурасынын маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Тергөө комитетинин маалыматына караганда, 2016-жылдын 19-ноябрында 41 жаштагы адам кызганычтын айынан аялы менен чатакташа кеткен. Күйөөсү үйдүн сыртына бензин чачып өрттөгөндөн кийин кайра кирип, үч жашар кызын алып чыккан. Бирок кыздын денеси 63 пайызга күйүп калган. Ал эми үйдүн ичинде калган аялы менен 64 жашар кайненеси каза тапкан.

"Сот аны катуу режимдеги түзөтүү абагына 24 жылга эркинен ажыратты", — деп айтылат билдирүүдө.

Касимов жашы жете элек баланын жашоосуна өзгөчө мыкачылык менен кол салуу жана эки адамды өлтүрүү беренелери менен соттолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0