Түн ханышасы. Судандан чыккан ынды кара модель интернетти багынтууда

© Russia Today Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя queenkim_nyakim. Уроженка Судана Ниаким Гатвеч
Снимок с социальной сети Instagram пользователя queenkim_nyakim. Уроженка Судана Ниаким Гатвеч - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын бет түзүлүшүндөгү өзгөчөлүктөрүн жакшылап көрүү үчүн айрым учурда экранды жарыгыраак кылууга туура келет

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Суданда жарыкка келген Ниаким Гатвеч терисинин сейрек кездешүүчү өңү менен моделдик карьерасын баштап, сенсацияга айланууда деп жазат The Daily Mail.

 

 

24 жаштагы африкалык бийкечти өңүнөн улам "Түн ханышасы" деп аташууда. Ниаким каралыгынан улам бир топ шылдың сөзгө да кабылып, баарына чыдап келген. Сулуу селки терисинин өңүн "бекем ишенимдин жана чоң сыймыктын түсү" деп эсептейт.

 

 

"Карагылачы, мен эч кимге окшошпойм. Бул жөн эле көрүнүш эмес, бул Кудайдын берген белеги", — дейт модель.

 

 

Ниаким учурда АКШда жашап, подиумга чыгып, кара түстүү кыз-келиндердин укугун коргоп келет.

 

 

Ажайып сүрөттөрүн жүктөгөн Instagram аккаунтуна ушу тапта 230 миң адам көз салып турат.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0