БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Дүйнө лидерлеринин көңүлүн бурган фейк жаңылыктар маселесин RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Россия менен Кытай лидерлери жана эки өлкөнүн коомдук бирикмелери, медиа өкүлдөрү катышкан жыйында көтөргөнүн РИА Новости жазды.
Симоньяндын айтымында, фейк жаңылыктарга каршы туруу учур талабы болуп турат.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары айрым учурда биринчи бийлик болуп, оюндун эрежесин түзгөн, коомчулуктун пикирин жараткан доордо жашап жатабыз. Тилекке каршы, миллиондогон адамдар фейк жаңылыктардын курмандыгы болуп, айрым лидерлер дагы ал маалыматтарга ишенип жатышат", — деди Симоньян.
Өз кезегинде жыйынга катышкан Владимир Путин RT телеканалынын башкы редакторун кубаттап, ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Москвада Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Владимир Путиндин көп форматтуу жолушуусу өтүп, анда ар тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.