Мелдешке барган афганистандык кыздардын командасын АКШ аймагына киргизбей койду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүВашингтон перед инаугурацией Д.Трампа
Вашингтон перед инаугурацией Д.Трампа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин уюштуруучуларынын айтымында, АКШга кирүүгө Ирак, Судан ал тургай, Сириянын командаларына да уруксат берилген

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Робот техникалары боюнча мелдешке катыша турган афганистандык кыздар командасына АКШ виза ачпай койду. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берип кабарлады.

"Бизге эмне себептен виза бербей койгонун түшүнбөй жатабыз. Анткени мелдешке катыша турган бардык өлкөлөрдүн катышуучулары виза алышыптыр", —деди афган кыздардын командасынын мүчөсү 14 жаштагы Фатема Кадерян.

Мелдештин уюштуруучуларынын айтымында, АКШга кирүүгө Ирак, Судан ал тургай Сириянын командаларына да уруксат берилген.

"Мелдешке бизден башка бардык өлкөлөр катыша алат экен. Бул Афганистандын элин чындап кемсинткендик болуп жатат", — деди кыздар командасынын дагы бир мүчөсү Лида Азизи.

Вашингтон перед инаугурацией Д.Трампа - Sputnik Кыргызстан
АКШнын "кара тизмесиндеги" өлкөлөр: сүйгөнүнө келгендерге кирүүгө уруксат берилди
Белгилей кетсек, Афганистан АКШ президенти Дональд Трамптын жаңы миграциялык буйругундагы кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесине кирген эмес.

Ассошиэйтед Пресс агенттигинин маалыматына караганда, АКШ буга чейин гамбиялык кыздар командасына да мелдешке катышууга уруксат бербей койгон.

Эске салсак, президент Дональд Трамптын жаңы иммиграциялык Жарлыгында АКШга 90 күнгө чейин Иран, Йемен, Ливия, Сирия, Сомали жана Судандын жарандары кире албай турганы жазылган. Буйрук өткөн жумадан тарта күчүнө кирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0