Путин менен Трамптын качан жолугары такталды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүү"Прямая линия" с президентом РФ В. Путиным
Прямая линия с президентом РФ В. Путиным - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери президенттер телефон аркылуу гана сүйлөшүшкөн. Эми алар Германияда бетме-бет жолугушат

БИШКЕК,-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп Гамбург шаарында 7-июлда өтө турган G20 саммитинде жолугушат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковго таянуу менен билдирди.

Эки мамлекеттин башчылары бири-бири менен биринчи жолу жолугушат. Анда президенттер эл аралык терроризм, Сирия менен Украинадагы абалды талкуулашат.

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун айтымында, күн тартибиндеги маселелерге чектөө коюлбайт.

"Биз мамлекет башчылар стратегиялык туруктуулук маселелерин, эки тараптуу кызматташууларды талкуулоого убакыт жетет деп жатабыз. Америка тарап мындай диалогго даяр болот деп ишенгибиз келет", — деди Рябков.

Жыл башынан бери Путин менен Трамп телефон аркылуу үч жолу сүйлөшүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0