ТИМ: Бавариядагы ири жол кырсыгынан каза болгондордун арасында КР жарандары жок

© AFP / Christof Stache Крупное авария автобуса на автомагистрали недалеко от Мюнхберга
Крупное авария автобуса на автомагистрали недалеко от Мюнхберга - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиядагы автобус менен жүк ташуучу автоунаанын кагылышуусунан 18 адам каза болгон.

БИШКЕК, 4-июл.— Sputnik. Баварияда (Германия) катталган ири жол кырсыгында каза болгон жана жабыркаган адамдардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, дүйшөмбү күнү туристтер түшкөн автобус жүк ташуучу автоунаа менен кагышып, 18 адам каза болгон. Өрттөнүп кеткен жүргүнчү ташуучу унаада эки айдоочу жана 46 адам бар эле. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

ТИМ бул маалыматты Бавариянын "Хоф" районундагы полиция кызматкерлеринин билдирүүсүнө таянып билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0