Төрт араб мамлекети Катарга болгон ультиматум мөөнөтүн узартты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Катар
Страны мира. Катар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-июлда Катарга карата коюлган ультиматумдун мөөнөтү аяктаган

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Төрт араб мамлекети Кувейттин сунушун колдоп Катарга болгон ультиматумду 48 саатка чейин узартууга макулдугун берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги "Аль-Арабия" телеканалына таянуу менен билдирди.

Буга чейин Кувейттин өкмөтү Сауд Аравиясын, Бириккен Араб эмирлигин, Бахрейнди жана Египетти Катар мамлекетине карата кошумча 48 саат ультиматумду киргизүүгө чакырган.

Катардын Тышкы иштер министри Мухаммад бен Абдуррахман Аль Тани бир катар араб мамлекеттерине чектөөлөр боюнча жооп берүүгө белсенип жатканын билдирген. Кийин Египеттин Тышкы иштер министрлиги шаршемби күнү Каирде жыйналыш болуп, Катардагы абал талкуулана турганын айткан.

Мындайлардын бизге кереги жок - Sputnik Кыргызстан
Мындайлардын бизге кереги жок
Белгилей кетсек, 5-июнда Сауд Аравиясы, Бириккен Араб эмирлиги, Бахрейн жана Египет Доха менен болгон дипломатиялык мамилесин токтоткон. Себеби алар Катарды терроризмди колдогон жана алардын ички ишине кийлигишкен деген кине коюшкан. Кийин Доха менен болгон мамилесин бир катар мамлекеттер да үзгөн.

2-июлда Катарга карата коюлган ультиматумдун мөөнөтү аяктаган. Ультиматумда 13 талап бар. Алардын айрымдары Доханын Иран менен болгон дипломатиялык жана аскерий мамилелерин азайтуу, Түркиянын аскер базасын жабуу, террордук уюмдарды каржылоону токтотуу, араб мамлекеттеринин ички саясатына кийлигишүүнү токтотуу, оппозиция ишмерлерин колдоо жана "Аль-Жазира" телеканалынын спутник байланыштарын жабуу каралган.

Катардын бийлиги коюлган талаптарды аткаруудан баш тартып, мындай мажбурлоо эгемендикке доо кетирет деп билдиришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0