Дубайда аялдар үчүн иштей турган Тез жардам ачылат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүГорода мира. Дубай
Города мира. Дубай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бригаданын курамына кыз-келиндер гана кире алат

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дубайда жалаң кыз-келиндер үчүн иштей турган Тез жардам кызматы ачылат. Бул тууралуу РИА Новости Arabian Business басылмасына шилтеме кылып жазды.

​Күлгүн өңдөгү автоунаа менен медиктер аялдарга, көбүнчө төрөт учурунда ымыркайларга жардам көрсөтө алат.

Көчөдө көз жарган келинге жолоочулар жардам берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Көчөдө көз жарган келинге жолоочулар жардам берди. Видео
Маалыматка ылайык, кызмат жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки 11:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Басылма медицина кызматкерлери боюнда бар жана жаңы төрөлгөн балдарга кызмат көрсөтүү үчүн атайын окуудан өткөндүгүн жазды.

Бригаданын курамына кыз-келиндер гана кире алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0