Аляска: өспүрүм аюуну заматта өлтүрүп, жакындарын ажалдан сактап калды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКалининградский зоопарк
Калининградский зоопарк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон маалда 11 жаштагы Эллиот өзүн жоготпой жыркычты бир нече жолу атканга үлгүргөн.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Аляскада 11 жаштагы Эллиот Кларк аюуну атып, жырткычтын кол салуусунан жакындарын сактап калды. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэтед пресс агенттигине шилтеме жасап кабарлады.

Зоопарктагы пил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индиядагы фестивалда жинденген пил айланасынын чакчелекейин чыгарды. Видео
Окуя өткөн жумада болуптур. Анда Эллиот атасы жана агалары менен токойду аралап жүргөн маалда аюу алардын бирөөсүнө кол салган. Кырсык болгон учурда 11 жаштагы Эллиот өзүн жоготпой жыркычты бир нече жолу атканга үлгүргөн.

Баланын атасынын айтымында, биринчи ок жырткычтын ийинине, экинчи ок тумшугуна тийген. Ошондой эле ал бала мылтыкты ийине илбестен колунда көтөрүп бара жаткандыктан аман калгандыгын кошумчалайт.

Буга чейин канадалык жаран аюуга жем болуп кала жаздаган. Анда ал жаа менен жырткычты аткылап качып кутулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0