Кытайда чоң муштум аял ууруну жерге жыгып сабап таштады

Жазылуу
Интернетте ууруну кармап алып сабап жаткан аялдын видеосу тарады. Анда орто жаштагы аял эркек кишини жерге жыгып алып, койгулап жатканын көрүүгө болот.

Кытайдын Нанкин шаарында ууруну кармаган аял баатыр аталып жатканын CGTN телеканалы билдирди. 

Ал аял эркек кишини басып алып сабап жатканда күбөлөр видеого тартып алууга жетишкен. Социалдык тармактарда муну бири эрдик катары бааласа, экинчилери аялдын чоң муштумдуулугуна таң калып бүтө албай жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0