New York Times гезити Трампка 3 сөздөн турган макала арнады

© REUTERS / Mike SegarАКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык саясатчылар алып баруучуларды келекелеген Трампты сынга алышууда

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. New York Times гезити АКШнын президенти Дональд Трампка арналган макаланы Twitter баракчасына жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Билдирмеге караганда, макаланын тексти үч сөздөн гана турат.

"Токтот. Болду токтот", — деп макалада жазылган.

Америка президентинин жардамчысы болуп иштеп жаткан кызы Иванка Трамп жолдошу Джаред Кушнер менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америка президентинин кызы Иванка бут кийим чыры боюнча сотко чакырылды
Бул сөздөр жакында эле MSNBC каналындагы Morning Joe таңкы берүүсүнүн алып баруучусу менен Трамптын ортосундагы кер-мур айтышууга болгон реакция катары бааланууда.

Буга чейин аталган каналдын алып баруучулары Мика Бжезински менен Жо Скарборо АКШ президентине сын айтышкан. Андан кийин Дональд Трамп өзүнүн Twitter баракчасына эки журналистти тең деңгээли төмөн акмактар деп жазган болчу. Ал ошондой эле жаңы жыл алдында бул эки алып баруучу Ак үйгө конокко келгенин айтып, бетине пластикалык операция жасаткан Бжезински "кансыраганын" кошумчалаган.

Америкалык саясатчылар Трамптын сөзүн көңүл сыртында калтырбастан анын мындай кылыгын сынга алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0