Россия жарандыгын алууда берилчү анттын тексти тандалды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүРоссиянын Мамдумасы жыйын учурунда. Архив
Россиянын Мамдумасы жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия жарандыгын алып жаткан адамдарга ант бердирүү маселесин карап чыгууну депутаттарга президент Владимир Путин сунуш кылган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Россиянын Мамдумасы бул өлкөнүн жарандыгын алып жаткан адамдар бере турган анттын текстин тандашты. Мындай чечим палатанын спикери Вячеслав Володиндин катышуусу менен өткөн жыйындан кийин кабыл алынганын РИА Новости жазды. 

"Биз тексттерди карап отуруп, алардын бирин негиз катары алууну чечтик. Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзам чыгаруу комитетинин жетекчиси Павел Крашенинниковго тиешелүү бул текстти адистер аягына чейин иштеп чыгышты. Фракциялар колдоп берди", — деп айтылат билдирүүдө. 

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Россия тараптан ар дайым бир туугандык колдоону сезип келем
"Мен (Ф.А.А), өз каалоом менен Россия Федерациясынын жарандыгын кабыл алып жатам. Анын Конституциясын жана мыйзамдарын так аткарууга, жарандардын укуктарын жана эркиндигин сыйоого жана Россия жарандарына тиешелүү бардык милдеттерди так аткаруу милдетин алам. Россиянын жаркын келечеги үчүн эмгектенип, анын маданиятын, тарыхын жана каада-салтын сыйлоого сөз берем", — деп айтылат депутаттар жактырган тексте.

Эми бул текст Мамдуманын фракция лидерлерине бекитүүгө жиберилмекчи. 

Россия жарандыгын алып жаткан адамдарга ант бердирүү маселесин карап чыгууну депутаттарга президент Владимир Путин сунуш кылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0