Германия бир жыныстуу никеге уруксат берди

© REUTERS / FABRIZIO BENSCHГерманиянын Федералдык жыйыны (Бундестаг) бир жыныстуу никеге жол ачкан мыйзам кабыл алды
Германиянын Федералдык жыйыны (Бундестаг) бир жыныстуу никеге жол ачкан мыйзам кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө канцлери Ангела Меркель алгач бул демилгеге каршы болгону менен кийин мыйзамды колдоп берген

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Германиянын Федералдык жыйыны (Бундестаг) бир жыныстуу никеге жол ачкан мыйзам кабыл алганын ВВС билдирди.

Эми аталган өлкөдө сексуалдык багыты башка эркектер менен аялдар юридикалык жактан толук кандуу үй-бүлө түзүп, бала асырап алуусуна шарт түзүлдү. Буга чейин бир жыныстуу түгөйлөр ортосунда жарандык гана никеге уруксат берилип келген.

Гей-никелерге жол ачкан мыйзамга 393 депутат макул болсо, 226сы каршы чыкты.

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдин эсин оодарган экинчи аял. Кызыл чеке болгон соцтармак
Германия канцлери Ангела Меркель 2013-жылдагы шайлоо кампаниясында мындай никелерге каршы экенин айтып, өз позициясын балдардын бейкут келечеги менен байланыштырган.

Бирок Brigitte деп аталган айымдардын журналы 26-июнь күнү уюштурган кечеде Меркель күтүүсүз билдирүү жасап, ал жетектеген Христиандык-демократиялык союздун депутаттары аталган маселе боюнча "өз абийири" менен добуш берүүсүн күтө турганын айткан.

Канцлер жакында эле баш кошкон эки аял сегиз баланы багып алганын көргөндөн кийин оюн өзгөрткөнүн белгиледи.

Учурда бир жыныстуу нике дүйнөнүн 20 өлкөсүндө мыйзамдаштырылган. 2011-жылдын 1-апрелинен тарта мындай никеге уруксат берген Нидерланддар бул тизменин баш сабында.

Жаңылыктар түрмөгү
0