Көзү ачык Нострадамустун айткандары айткандай келип... 2017-жылы эмне болот?

© AFP / BORIS HORVATМодель Нострадамуса
Модель Нострадамуса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нострадамус китебинде Иран менен Түркиянын касташуусун айтып, ал куралдуу жаңжалга чейин барарын жазган. Тараза ташы ирандыктарга оой турганы чиймелениптир.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Орто кылымдардагы француз астрологу, окумуштуу, дарыгер жана көзү ачык Мишель де Нотрдам (Нострадамус) келечектин кандай болорун китебине жазып кеткен. Алардын бир катары 2017-жылы чын эле ал айткандай чыкса, башкасы кандай болуп жаткандыгына Sputnik Молдова баам салып көргөн.

Көзү ачыктын быйыл мусулмандар менен христиандардын ынтымагы ыдырап, ал тургай аскерий карама-каршылыктар уланат дегени туура чыкты. Эгерде буга үңүлө карасак, айтканы чындыкка жакындады. Европада адам өмүрүн алып, жарадар кылган бир канча жарылуулар жаңырды. Астролог дал ушул жылы Франция менен Германиянын эл башчылары алмашарын айткан. Францияда ошондой эле болду, жаш саясатчы Эммануэль Макрон өлкөнүн башына келди. Ал эми Германияда шайлоо сентябрга белгиленди.

Эмнелерди күтөбүз?

Астролог Жанар Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан
Астролог Кадыралиев: өлүмдөн башкасын айтып бергенибиз деле жетиштүү
Нострадамус китебинде Иран менен Түркиянын касташуусун айтып, ал куралдуу жаңжалга чейин барарын жазган. Китебинде тараза ташы ирандыктарга оой турганын чиймелептир.

Мындан сырткары ал өзүнүн кандаштары — француздар суу азабын тарта тургандыгын, бул бир топ убакытка созулуп, ичүүчү суу көздөн учарын жазган. Дүйнөдө экологиялык кырсыктар тездик менен болуп жаткандыгын эске алган басылма табияттын адам өмүрүнө жараткан кооптуулуктарын айтыптыр.

Мишель де Нотрдам 1503-жылы Францияда туулган. Жашы бир топко барып калган кезде "Мишель Нотрдамдун пайгамбарлыгы (көзү ачыктыгы)" деп аталган китеп жазган. Бул ага атак-даңк алып келип, анын айткандары ушул күнгө чейин дүйнө коомчулугунун кызыгуусун жаратып келет.

Көзү ачык алдын ала айткандарын шифрдин жардамы менен жазган, ал латын, эски француз, италия жана грек тилдеринен турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0