Геологдор жанар тоонун атылаар учурун аныктоону үйрөнүштү

© AFP / JUAN CEVALLOSИзвержение вулкана Тунгурауа в Эквадоре
Извержение вулкана Тунгурауа в Эквадоре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар жанар тоонун атылуу мөөнөтүн анын тегерегиндеги жер кыртышынын көтөрүлүшүнөн карап билсе болорун айтышты.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жанар тоонун качан атыларын жана масштабы канчалык болоорун анын тегерегиндеги жер кыртышынын бийиктешинен улам билсе болот. Бул тууралуу окумуштуулар берген маалыматты жарыялаган Science Advances журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Гавайи аралындагы Килауэа вулканын байкоо маалында вулкан атылаар алдында сейсмикалык толкундардын ылдамдыгы анын ичиндеги басымды кантип көбөйтөөрүн билүүгө аракет кылдык. Ушунун аркасы менен жанар тоонун атылуу убактысын аныктоого болот", — деди Кембридж университетинин кызматкери Клэр Дональдсон.

Канатуунун жумурткалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адистер канаттуулардын жумурткасынын формасы эмнеден көз каранды болорун изилдеди
Анын айтымында, ар бир жанар тоонун алдында өзүнө суюк магманы толтура турган резервуар жайгашкан. Вулкан атылаарда анын ичиндеги басым көбөйөт дагы, резервуар магмага толуп, жер кыртышынын көөп чыгышына алып келет.

Демек, окумуштуулар жанар тоонун айланасы канчалык "шишигенин" карап туруп эле, канча магма чыгарын жана атылаар мөөнөтүн аныктай алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0