БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Түндүк Корея эли өзүн АКШдан өзөктүк куралдардын жардамы менен гана сактай алат жана бул жаатта технологияларын өнүктүрүүнү уланта берет. Мындай билдирүүнү аталган өлкөнүн БУУдагы өкүлүнүн орун басары Ким Ин Рён жасагандыгын РИА Новости жазды.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйындарына Түндүк Кореянын өкүлдөрү сейрек келет. Жакында расмий өкүлдүн орун басары массалык кыргын салуучу куралдарды таратпоо боюнча жыйынга катышып, АКШга басым жасап сүйлөдү.
"Трумандан (АКШнын мурдагы президенти Гарри) тарта Трампка (азыркы президент) чейин АКШнын администрациясы бизге өзөктүк курал менен сокку уруу ниетинен кайтпай келет", — деп айткан ал.
"Санкциябы, дагы кандай чаралар кабыл алынбасын, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын жана улутту сактай турган жол — өзөктүк куралдарды жасоодон кайтпайбыз", — деген түндүк кореялык дипломат.
Акыркы мезгилдери бул өлкө өзөктүк куралдар жаатында дүйнө коомчулугун түйшөлтө турган кадамдарды жасай баштады. Корея учурган баллистикалык ракеталар Япониянын өзгөчө экономикалык аралдарына жакын жана ал аймактардагы сууга бир нече ирет түшкөндүгүн дүйнөлүк басылмалар байма-бай жазууда. Соңку ирет 9-июнда канаттуу ракеталарды учуруп сынаган.