Кытайда интернет-сот түзүү аракети башталды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКытайдын жана Гонконгдун желеги. Архив
Кытайдын жана Гонконгдун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет сот онлайн-соодадагы алдамчылыкты, интернет айдыңындагы автордук укуктардын бузулушун териштирип, мыйзам талаасында жөнгө салмакчы.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Кытайда интернет-сот түзүү боюнча демилге өлкөнүн Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин 36-сессиясында айтылды. Бул туурасында РИА Новости CCTV телеканалына шилтеме берип жазды.

Кытайда алгачкы интернет-сот Чжэцзян аймагындагы Ханчжоу шаарында пайда болуп, кибер кылмыштуулук боюнча иштер каралмакчы.

Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар интернет аркылуу пайдаланчу 6 кызмат
Маалыматта сот системасы көп жылдан бери кибер кылмыштуулук боюнча иштерди карап келгени менен алар аягына чыга электиги айтылган. 2013-жылы сот мындай маанайдагы 600 ишти караса, былтыр анын саны 10 миңге чукулдап барган.

Интернет-сот онлайн-соодадагы алдамчылыкты, жалган келишимдери, интернет айдыңындагы автордук укуктардын бузулушун териштирип, мыйзам талаасында жөнгө салмакчы.

Бардык сот жараяндары доо жазылгандан тарта башталып, процесс соттун сайтында жүргүзүлөт. Ал эми соттук угуулар онлайн тартибиндеги видео берүүлөрдүн жардамы менен көрсөтүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0