Киевдин чок ортосунда унаа жарылып кетти. Окуянын видеосу

© REUTERS / VALENTYN OGIRENKOВзрыв автомобиля в Киеве
Взрыв автомобиля в Киеве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинанын борборунда болгон окуя теракт катары бааланууда.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Киевдин чок ортосунда жардыруу болуп, аскер адамы каза тапканын РИА Новости жазып чыкты.

Украинанын Коргоо министрлиги жардыруудан министрликтин чалгындоо башкы башкармалыгынын кызматкери Максим Шаповал каза тапканын ырастады.

Учурда бул боюнча "Теракт" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Жардыруу калаанын Коломенск аймагында катталган.

Видео жазылмадан жарылган унаанын калдыктары туш тарапка ыргыганын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0