Польшалык инженер картошкадан робот жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с видеохостинга Youtube пользователя Marek Baczynski. Робот-беспилотник из картошки
Снимок с видеохостинга Youtube пользователя Marek Baczynski. Робот-беспилотник из картошки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дөңгөлөк менен кыймылдаткыч тагылган картошканы пульт менен башкарууга болот.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Польшалык инженер кадимки картошкадан өзү жүрүүчү робот жасагандыгы тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Аны жасаган Марек Бачински картошкага шаймандарды бириктирип жаткан процессти видеого тартып алган.

Алгач инженер картошкага дөңгөлөк менен кыймылдаткычты тагат. Андан соң картошка энергияны топтошу үчүн конденсаторду кошот. Видеодон инженер роботту пульт менен башкарып жатканын көрүүгө болот.

Кызыгы аягында инженер картошканы бышыруу үчүн аны мешке пульт менен башкарып киргизет.

Жаңылыктар түрмөгү
0