АКШнын мурдагы канайымы Жаклин Кеннединин кол сааты 379,5 миң долларга сатылды

© AFP / STF / CENTRAL PRESS PHOTOSАКШнын мурдагы канайымы Жаклин Кеннединин архивдик сүрөтү
АКШнын мурдагы канайымы Жаклин Кеннединин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукционго саат сүрөттөрү менен кошо коюлган. Тарыхый буюм үч мүнөттүн ичинде эле сатылып кеткен

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. АКШнын мурдагы канайымы Жаклин Кеннединин кол сааты аукционго коюлуп 379, 5 миң долларга саттылганын РИА Новости жазып чыкты.

​Аукцион шаршемби күнү Нью-Йорктогу Christie`s үйүндө өткөн.

Рок-н-ролдун падышасы атыккан атактуу ырчы Элвис Преслинин архидвик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
АКШда Элвис Преслинин жеке учагы аукциондо 430 миң долларга сатылды
Биринчи айымдын Cartier Tank саатына 750 үлгүсүндөгү алтын  жана сапфир асыл таштары чөгөрүлгөн. Ал убагында 60-120 миң долларга бааланган. Жаклин Кеннеди бул саатты АКШнын канайымы болуп турган кезинде жездеси Станислас Радзивилладан белекке алган. Кол сааттын арткы тарабына "Stas to Jackie 23 Feb. 63 2:05 am to 9:35 pm" (Стастан Жекиге 23-февраль 1963. Таңкы 2.05 — кечки 9.35" деп жазылган. Ал күнү АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди Палм-Бичке өзгөчө жүрүш жасап барган болчу. Мындан сырткары кол саатка Жеки Кеннединин бир нече сүрөттөрү чапталган.

Аукционго саат сүрөттөрү менен кошо коюлган. Тарыхый буюм үч мүнөттүн ичинде эле сатылып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0